АЗИЗКАН
АЗИЗКАН — эпизоддук кейипкер, кытайдын башкы кандарынын бири, Алмамбеттин атасы (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча). Эпосто А. негизинен Алмамбеттин төрөлүшүнө жана кытайдан кетишине байланыштуу окуяларда эскерилет. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча А-дын алтымыш аялы болсо да жетимишке чыкканча балалуу болбойт. Бир туугандары Эсенкан, Алоокелердин уулдары Бөрүкөз, Коңурбайлар ага көп кысым көрсөтүшөт. Коңурбай Кан-Жайлак жайлоосун ээлеп алат. Ыза болгон А. кытайдын башкы… Кененирээк »