АЙТЫШ
АЙТЫШ — кыргыз элдик оозеки чыгармачылыктагы жанр. А. ырчылар, чечендер, айтуучулар (манасчылар, семетейчилер) арасында чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин сыноо үчүн жүргүзүлгөн. Манасчылардын А-ы чоң төкмөлүк өнөрдү талап кылат жана өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Мелдештин шарты боюнча «Манас» айтууну бирөө баштап, ал токтогон жерден экинчиси, үчүнчүсү улап кеткен. Кээде белгилүү бир окуяны же үзүндүнү кимиси ары кызык, ары узак жана көркөм… Кененирээк »