АКБЕРМЕТ
АКБЕРМЕТ, Бермет — каарман, Сейтектин колуктусу. Саякбай Каралаевдин вариантында А-тин теги периге байланыштырылат. А. эпосто сулуулугуна акылы, кереметтүүлүгү төп келген кайраттуу, чечкиндүү, эр жүрөк баатыр кыз катары сүрөттөлөт: Беризаада Акбермет Алты кыздын кенжеси. Ак жибектен чатыры, Аялдыгы болбосо Ургаачынын баатыры. Он бир жашка келгенде Атасы Султан өлүптүр. Он үчкө жашы келгенде Жаа тартып ойноп жүрүптүр. Он төрткө жашы… Кененирээк »