АКЕРКЕЧ
АКЕРКЕЧ — каарман, Көкчөнүн аялы. Көпчүлүк варианттарда Семетей менен Үмөтөй карын бөлө, Каныкей менен А. эже-сиңди болуп айтылат. Радлов жазып алган вариантта А. күйөөсү Көкчөгө караганда токтоо, айлакер, керек учурда чечкиндүү, сулуу аял. Кар үстүнө кар жааса Кардан аппак эти бар, Кар үстүнө кан тамса Кандан кызыл бети бар. Сүлөөсүндөй керилип, Сүйлөөр сөзгө эринип, Күлсө күрөктөй тиши кашкаят,… Кененирээк »