Tag Archives: акылман

АКЫЛМАН

АКЫЛМАН — акылга дыйкан, көптү билген, көптү көргөн, даанышман, кеменгер адам. Эзелтен эле кыргыз эли акылмандыкты, эл ичинен чыккан А. адамдарды кастарлап, алардын накыл кептерин көңүлгө тутуп келген. Элдеги, жамааттагы абийир, адеп, жалпы эле ымандык нормалардын сакталышын А. карыялар, аксакалдар көзөмөлдөп, багыттап турган. Ушуну менен катар журт башына кыйынчылык түшкөндө, кысталыш учурларда туура жол таба билген. Жаңжалдарды, чатактарды… Кененирээк »

ЖУСУП БАЛАСАГЫН

ЖУСУП Баласагын (болжол менен 1021 – 1090, Баласагун ш.) – орто кылымдагы Чыгыштын улуу акылманы, философ-акын. Ал дүйн. адабият казынасын «Куттуу билим” аттуу дастаны м-н байыткан. Дастанда чагылдырган жаркын идеялардын бүткүл адамзат  үчүн мааниси  өтө  зор. Ойчул-философ акындын калеминен жаралган бул дастан канча мезгил өтсө да, өзүнүн кунун жоготпой, акыйкат, адилет, ыйман, сүйүү, эрдик сыяктуу асыл сапаттарды даңктаган улуу чыгарма экендигин бышыктап… Кененирээк »

КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ

КАЛЫГУЛ Бай уулу (1785, Ысыккөл р-ну – 1855, Чолпон-Ата) – кыргыздар арасында кеңири белгилүү ойчул, акылман. К. реалдуу жашагандыгы күмөн туудурбаган, бирок, аты легендага айланып, калк арасында Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Жээренче чечен акылман делип үлөгөр ысымдар менен бирге айтылуучу адам. Калк арасында өзгөчө  зор кадыр-баркка ээ болгондугуна карабастан Калыгул Бай уулунун  өмүр жолу, чыгармалары ж-дө  такталган маалыматтар аз. Мунун себеби,… Кененирээк »