Tag Archives: акын

АКЫН

АКЫН — кыргыз, казак элдеринде көргөндөрүн жана коомдук турмуштан баамдап байкагандарын эч даярдыксыз ыр менен шыдыр баяндоого жөндөмдүү таланттуу адам, көркөм сөз өнөрүнүн өкүлү, «Ырчы» деген сөзгө маанилеш. «Акын» термининин теги жөнүндө филология илиминде эки көз караш бар. Б. В. Радлов, В. Бартольд, А. Маргулан, И. А. Батманов өңдүү илимпоздордун болжолунда А. «ак» (течь, струя) деген сөздөн жасалган.… Кененирээк »

АКТАН ТЫНЫБЕК УУЛУ

АКТАН ТЫНЫБЕК УУЛУ (1888, азыркы ТяньШань району, Тегерек-Булак айылы — 1951, ошол эле жер) — манасчы, акын жана комузчу. Белгилүү чоң манасчы Тыныбектин уулу. Жаштайынан атасы айткан «Манасты» угуп чоңойгон. А-дын сөз өнөрүнө шыктуулугу он үч жашында эле байкалган. Адегенде комуздун коштоосунда элдик ырларды аткаруучу катары таанылып, өзү да ыр чыгарып, элдик ырчылардын катарына кошулган. 1936—47-ж. Кыргыз мамлекеттик… Кененирээк »

АЙТЫКЕ

АЙТЫКЕ (чын аты Айты, 1816—87, Жумгал өрөөнү) — манасчы, акын. Эл арасында таланты менен кадыр-барктуу болгондуктан Айтыке аталган. Өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар жокко эсе. Анын айтылуу манасчы Балык менен айтышы, Калыгул менен үзөңгүлөш теңтуш болгондугу жөнүндө азыноолак маалыматтар бар. Таластан чыккан Чоңду ырчыны өз баласындай туткан. Чоңдунун айтымына караганда А. «Манас», «Семетей», «Сейтекти» бүтүндөй айткан. Зор масштабдуулук,… Кененирээк »

ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

 Кыргыз эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры, академик Аалы Токомбаевдин (1904—1988) чыгармачылыгы кыргыз элинин улуттук жаңы маданиятын, адабиятын түзүүдө, басма сөзүн өстүрүүдө баа жеткис салым кошту. Ал эл жүрөгүнөн түнөк тапкан сандаган лирика, повесть, ангеме, пьеса, сатира-мыскыл, публицистикалардын автору.

АБДРАСУЛ ТОКТОМУШЕВ

Улуу муундагы кыргыз жазуучуларынын көпчүлүгүнө мүнөздүү өмүр жолун Кыргыз эл акыны Абдрасул Токтомушев (1912-1995) да басып өткөн. Жаштайынан томолой жетим калып, дунган байларында малай жүргөн. Кайыр тилеген, көрбөгөнү көр болгон.

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

Поэзиянын ири чеберлеринин бири, ойчул, жаңычыл акын Алыкул Осмоновдун (1915—1950) чыгармачылык тагдыры жашоо, эмгектенүү, күрөшүү жолуна өз өмүрүн багыштаган адамдар үчүн өрнөк, сабак боло тургандай жөнөкөйлүгү, татаалдыгы, мазмундуулугу менен айырмаланып турат.

ЖАЛИЛ САДЫКОВ

Жыйырмадан ашуун ыр китептерин жарыялап, жыйырмадай көп актылуу пьесаларды театрларга койдуруп, элдин алкоосуна ээ болгон Жалил Садыковдун поэтикалык жана драмалык чыгармалары идеялык-эстетикалык салмактуулугу менен бүгүнкү күндө кыргыз адабиятынын, театр искусствосунун тарыхына кошулган маанилүү салым болуп калды.

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ

Акын жана драматург катары элдин урматтоосуна арзыган Жоомарт Бөкөнбаев (1910-1944) кыска, бирок жемиштүү чыгармачылык жолду басып өткөн. Жаштайынан энеси Алтынайдын жомокторун, кошокторун көп угуп, тестиер кезинде эле элдик поэзияга аябай кызыгып, бара-бара Токтогул башында турган Кетмен-Төбөдөгү ырчылар мектебинен кандайдыр бир деңгээлде таалим алып, анан 1924-жылы Жалал-Абадга окуу издеп келген кезде Жоомарт он төрт жашар өспүрүм эле.

ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ

Таланттуу акын, драматург Жусуп Турусбеков (1910-1943) адабият дүйнөсүнө башка кыргыз акын-жазуучуларына окшошпогон өз жолу менен келген. 20-30-жылдардагы адабиятыбызга көз жүгүртсөк анда бир катар акындарыбыздын алгачкы чыгармаларында али такшалбагандык, фольклордук эстетиканы аң-сезимсиз ээрчүү сыяктуу белгилерди байкайбыз.

КУБАНЫЧБЕК МАЛИКОВ

Көрүнүктүү акын жана драматург К.Маликовдун (1911-1978) көркөм адабиятка шилтелген алгачкы кадамы кабарчылык иштен башталган. 1926-жылдын сентябрь айында «Эркин-Тоонун” 15 жаштагы кабарчысы К.Маликов ошол газетанын редакциясынын түздөн-түз жардамы аркылуу Фрунзедеги педтехникумдун орто даярдоо классына келип киргенден тартып чыгармачылык ишке өз тагдырын биротоло байланыштырат.