АК ОРДО
АК ОРДО — борборлошкон элдердин башкаруучусунун же жоокердик кошундун жетекчисинин туруктуу жайы. Эпосто Манастын А. о-су башка үйлөрдөн көлөмүнүн чоңдугу жана кооздугу боюнча өзгөчөлөнүп сүрөттөлөт. Ал жада калса бор менен бордолуп, ак кийиз менен жабылган көрүнүшү боюнча да айырмаланат. Жазма булактар маалыматтарына караганда байыркы гунндардын (3—5-к.) жана түрктөрдүн (6—8-к.) доорунда бир жерден сейрек көчүрүлгөн А. о-нун болгондугу айтылат.… Кененирээк »