Tag Archives: Алай

АЛАЙ

АЛАЙ — топоним. «Манас» эпосунун көптөгөн варианттарында кыргыз уруулары байыртан мекендеп келе жаткан белгилүү жерлердин бири катары: «Орозду деген агаң бар, жайлайт деп угам Алайды» (Сагымбай Орозбаков, 1. 118), «Кең-Алайды жердеген, андагы нойгут эл деген» (Саякбай Каралаев, 1. 218),— деп эскерилет. Манас Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенде, алгач ушул А. аймагында жашайт. Эпостун бир катар белгилүү окуялары А-да өтөт:… Кененирээк »

ТЯНЬ-ШАНДЫН ЖАНА ПАМИР-АЛАЙДЫН ТАРЫХЫЙ ГЕОГРАФИЯСЫ

Орто Азиянын тарыхын изилдеп-үйрөнүүдө орус илими биринчи орунда турат. В. Бартольд орто азиялык элдерди тарыхый жактан изилдеп үйрөнүүгө негиз салгандан бери жарым кылымдан көбүрөөк убакыт өттү. Анын биринчи илимий сапары Жети-Суу менен Тянь-Шанда болгон, ал өзүнүн бүткүл өмүрүндө бул аймакка көп жолу кайрылган болсо да, анын тарыхы кийин В. Бартольддун илимий кызыкчылыктарынын борборунда турган эмес.

АЛАЙЛЫК КЫРГЫЗДАРДЫ РОССИЯГА КАРАТУУ. КУРМАНЖАН ДАТКА

Кокон хандыгы жоюлган кезде Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймактары, Алай ж.б. өрөөндөрү орус мамлекетине каратыла элек болчу. Фергана областынын жаңы аскер губернатору М. Д. Скобелев кандуу колун кургатпай, көтөрүлүштүн саркындыларын жок кылууну, баскынчылык саясатын улантууну көздөгөн. М. Д. Скобелев моюн сунбаган кыргыздарды талкалоо үчүн атайын «Алай илимий-согуштук экспедициясын» уюштурган. Экспедициянын курамына аскердик күчтөрдөн тышкары бир топ окумуштуулар кошулган. Алар… Кененирээк »