Tag Archives: Алыбаев

МИДИН АЛЫБАЕВ

Кыргыз элине таанымал акын Мидин Алыбаев (1917-1959) адабият дүйнөсүнө отузунчу жылдары келген. Анын чыгармачылык иши Фрунзедеги педтехникумда окуп жүргөн жылдары башталган. Бул жөнүндө Райкан Шүкүрбеков минтип жазган: «Алдыңкы жазып жүргөн студенттер бүтүрүп кеткенден кийин «Үмүттүү жаш” кереге газетасы, педтехникумдун драмалык кружоктору биздин колдо калды. Ошондо Алыкул, Мидиндин ж.б. бирдеме жаза коюп жүргөн жаштар чыгарманы «жайнаттык”.

МИДИН АЛЫБАЕВ

М. Алыбаевдин адабияттагы жолунун башталышы ошол учурда өзү менен чамалаш чыккан акын, жазуучулардын чыгармачылык биографиясына өтө эле жакын же окшош деп айтса да болот. Негизинен ал деле 30-жылдардын көркөм интеллигенциясынын өкүлдөрү туш келген шартка кабылып, ошолор жалпы аралашып жүргөн коомдук-саясий жана адабий атмосферага кирип, ошолор жашаган чөйрөдө жашап, ошолор азыктанган рухий байлыктар менен азыктанып, ошолор дем, кубат алган… Кененирээк »