АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВ
ҮСӨНБАЕВ Алымкул (1896, Талас өрөөнү – 1963, Бишкек) – төкмө акын, кыргыз оозеки поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз ССР эл артисти (1939). Ал 11–12 жашында эле ыр чыгарып, комуз чертип, эл арасына тааныла баштаган. Анын алгачкы ырлары көбүнесе элдик жана өзүнүн жеке турмуш абалына, махабат темасына арнап чыгарган ырлары болгон. Токтогул менен жолугушуусу ырчылык турмушундагы бурулуш мезгил болгон. Жаш ырчыга Токтогул ээрчитип жүрүп өнөрүн үйрөтүп, чыгармачылык туура багыт… Кененирээк »