АРМАН
АРМАН — кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында лирикалык ырлардын бир түрү. Манас эпосунда А. каармандардын кулк-мүнөзүн, дүйнөгө болгон көз карашы, жалпы эле адамдык сапатын ача турган көркөм ыкма катары жолугат. Жакыптын А-ы: Акыретке бет алсам Атакелеп артымдан Наалып калаар балам жок… Талаада жүрөт тайларым, Таптап минер балам жок (Сагымбай Орозбаков, 1.17),— деп баласынын жоктугуна зарланганын, Алмамбеттин А-ы болсо эрксизден… Кененирээк »