Tag Archives: ата-эне

НИКЕ ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨ, АТА-ЭНЕ ЖАНА БАЛА

Үй-бүлөнүн коом үчүн, мамлекет үчүн мааниси чоң. Үйбүлө канчалык бекем болсо, балдарга тарбияны жакшы берсе, коом дагы бекем, туруктуу болуп, натыйжада мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө оң таасирин тийгизет. Республикабыздын башкы мыйзамында үй-бүлө, ата, эне, балалык бүткүл коомдун камкордугуна алынып, мыйзам тарабынан артыкча корголууга алынары бекеринен белгиленген эмес.

АТА-ЭНЕМ — ЫРЫСЫМ, АТА-ЭНЕМ — БАКЫТЫМ.

Ата-эне балдары үчүн эң зарыл мээрим булагы. Таалим көргөн ыймандуу,ыкластуу эне- Жараткандын адам баласына тартуулаган мээримдүүлүк өлкөсү, үй-бүлөнүн бакыты,бейпилдиктин жана шаттыктын тийип турган күнү, бүлөсү үчүн күйүп-бышкан боорукер камкор жан. Биздин жарык дүйнөгө келишибизге ата-энелерибиз себепкер болгон жана алар биз үчүн эң зарыл, эң улуу жана кадырлуу адамдар.Тогуз ай бою курсагында, бир нече жыл кучагында,андан соң өмүр бою… Кененирээк »