Tag Archives: АҢ-СЕЗИМ

САЯСИЙ АҢ-СЕЗИМ

САЯСИЙ АҢ-СЕЗИМ – саясаттын социалдык биримдиктер жана индивиддер менен чагылдырылышы. Саясат менен  байланышкан кубулуштар саясий процесс, саясий турмуш, саясий бийлик, саясий система ж. б. эки жактуу: руханий  жана практикалык. Саясаттын руханий жагы катары С. а. теориялык жана эмпирикалык түрдө чагылдырылган.  Теориялык деңгээли саясий мүнөзгө ээ түрдүү идеялар, концепциялар, көз караштар менен көрсөтүлөт. С. а-дин  теориялык деңгээли башкаруучу топтордун,… Кененирээк »

АҢ-СЕЗИМ МАСЕЛЕСИ (ЖЕ КОГИТОЛОГИЯ)

Философияны кыргызчалаганда бери болгондо эки кыйынчылыкка дуушар болобуз. Биринчисин онтологияга арналган бөлүмдө көрдүк десем болот. «Бытие» терминин ушу турушунда урунуп, аны менен катар ылайыгына, контекстке жараша кыргызча «болмуш», «болмуш», «бар», «бар болуш», «жашаш», «туруш» деген сөздөргө кайрылдык. Онтологиянын ачкычы болгон «бытие» категориясынын далай убактан бери калыпка түшүп, адистер үчүн көнүмүш болуп калган теориялык маани-мазмунун таамай-таасын жеткире албай кыйналдык.

ӨЗДҮК АҢ-СЕЗИМ

ӨЗДҮК АҢ-СЕЗИМ (Самосознание) — адамдын өзүн-өзү баалашы, өзүнүн билим деңгээлин, акыл дараметин, жүрүм турумун, кылык-жоругун, мүмкүнчүлүгүн, кызыкчылыгын ж. б. аңдай билиши. Өздүк аң- сезим адамга гана эмес, коомго, социалдык топторго да тиешелүү болот. Адамдын ар-кандай иш-аракети коомдук тажрыйбага таянат. Эмгектенүү учурунда адам өзүн аңдап билет. Аң-сезимдин калыптанышына тилдин тийгизген таасири зор. Ө. а. с. аң-сезимдин туундусу катары пайда… Кененирээк »