Tag Archives: баатыр

БҮРГӨ БААТЫР

БҮРГӨ БААТЫР, Бүргө Итим бий уулу (болжол м-н 1763–1831-ж. чен)– манап, элдик баатыр. Талас өрөөнүндөгү кыргыздардын кушчу уруусунан. Кыргыз элин чет элдик баскынчылардан сактоодо көрсөткөн эрдиктери үчүн баатыр атакка жетишип, кушчу уруусунан хан көтөрүлгөн. Б. б-дын эрдиги казак ханы Абылайдын кыргыз жергесине уюштурган жортуулдарында өзгөчө көрүнгөн. Казак ханынын колун Балхаш көлүнүн аймагына чейин сүрүп барган. Б. б. Кокон… Кененирээк »

БАЛБАЙ БААТЫР

БАЛБАЙ БААТЫР, Балбай Эшкожо уулу (1797–1867) – бугу уруусунун токойлуу уругунан чыккан беделдүү манап. Ал Боромбай м-н бирдикте 1855-ж. Омскиде Россиянын букаралыгына өтүү ж-дө бугу уруусунун атынан ант кармаган. 19-к-дын 50–60-жылдарында болгон бугу м-н сарыбагыш ортосундагы жаңжалда Б. бугу   32 тараптын кол башчыларынын бири катары белгилүү. Андагы чабыштардын биринде туткунга түшкөн Ормон ханды Б. катуу жарадар кылып, ал… Кененирээк »

БАЙТИК баатыр

БАЙТИК баатыр Канай уулу (1817–20, Аларча капчыгайы, – 5.3.1886) – солто уруусунун чоң манаптарынын бири. Байтик калк арасында зор урмат-сыйга бөлөнгөн, эл башчысы, акылман жетекчи, баатыр болгон. Кыргыз жергесин Кокон хандыгынын эзүүсүнүн куткарыш үчүн күрөшкөндөрдүн катарында болуу менен, ушул жердеги башчы Рахматулла датканы жок кылууну уюштургандардын башында турган. Ал өз мезгилинин алысты даана көрө билген саясатчы катары, татаалдашкан… Кененирээк »

«БАЛБАЙ» тууралуу

Балбайдын баатыр болуп туулушу жөнүндөгү элдик түшүнүк элдик оозеки чыгармачылыктын туруктуу салтын улайт. Энеси жолборстун этине талгак болуп, төрөлгөндө баатырлыктын дагы бир белгиси — колуна кан чеңгелдеп түшүп, бүткөн боюнда жыш кара түк жүн болот.

«ТАЙЛАК БААТЫР» ТУУРАЛУУ

Тайлак баатыр тууралуу маалыматтар кытайдын жазууларында, эмгектерде, макалаларда кеңири кездешет. Анын образы фольклордо жана керкөм чыгармаларда иштелип чыккан. Ш. Бейшеналиевдин маалыматы боюнча Тоголок Молдо шакирти Нурдин молдого насааттап баатыр тууралуу дастан жаздырган экен.

ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

 Кыргыз эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры, академик Аалы Токомбаевдин (1904—1988) чыгармачылыгы кыргыз элинин улуттук жаңы маданиятын, адабиятын түзүүдө, басма сөзүн өстүрүүдө баа жеткис салым кошту. Ал эл жүрөгүнөн түнөк тапкан сандаган лирика, повесть, ангеме, пьеса, сатира-мыскыл, публицистикалардын автору.

ЧҮЙ ЖАНА ТАЛАС ӨРӨӨНДӨРҮНДӨГҮ КЫРГЫЗ УРУУЛАРЫНЫН ОРУСИЯ ИМПЕРИЯСЫНЫН КОЛ АСТЫНДА КАЛЫШЫ. БАЙТИК БААТЫРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ

Орус аскерлеринин Чүй өрөөнүнө жаңы жортуулу. Байтик баатырдын көтөрүлүшү. Узун-Агач салгылашуусу. Токмок, Бишкек чептерин ээлөө. Орус аскерлеринин Чүй өрөөнүнө алгачкы жүрүшү. 50-жж. аягы — 60 жж башындагы падыша аскерлеринин жортуулдары. Байтик баатырдын көтөрүлүшү. Орусиянын Жети-Сууну толук каратуу аракетинин күчөшү.