«БАБУР-НААМА»
«БАБУР-НААМА» («Бабур-намэ») – султан Бабурдун өмүр баянын жана 1493–29-ж. Борбордук Азия, Афганстан, Түндүк Индиядагы тарыхый окуяларды камтыган китеп. «Б-Н-нин» автору Бабур Захиреддин Мухаммед (1483–1530) Ал Улуу Моголдор мамлекетинин негиздөөчүсү, кадимки Темир-аксак тукумунан болгон. Анын мамлекети азыркы Кабулдан Бенгалияга чейинки кеңири аймакты ээлеген. Чыгармалары орус тилинде «Б-Н». (1958) жана «Лирика» (1957) жарык көргөн. Буга чейин 1948–49-ж. чыгармалар өзбек тилинде… Кененирээк »