КАЛЫГУЛ Бай уулу. Калыгул ырчы
КАЛЫГУЛ Бай уулу, Калыгул ырчы (1785–1855) – заманачы акын. Аркалык кыргыздардын акыны жана санаатнасаатчылардан болгон. Анын «Акыр-заман», «Кыямат кайым» аттуу мистикалык-философиялык ырлары эл оозунда айтылып калган. Анын муңайым маанайдагы чыгармаларында ич ара феодалдык чыр-чатактар. Кокон хандыгынын алыксалыктары, карапайым элдин каржалган турмушу таасын чагылдырылган. 1854-ж. Ормон хандын айылындагы бугу менен сарбагыш урууларынын чабышына шылтоо болгон ордо оюнун токтотууга аракеттенген.… Кененирээк »