КУМАР УУЛУ БАЛЫК
КУМАР уулу Балык (Бекмурат) (1799–1887, Кетментөбө өрөөнү) –19-кылымда жашаган легендарлуу улуу манасчы. Атасы эрте өлүп, энесинин төркүнүн паана тутуп, Таласка көчүп келишет. Жашынан атасыз жетим калгандыктан өмүрүнүн алгачкы учуру оорчулукта өтүп, көрүнгөндүн жумушун кылып жүрүп, акыры Олуя-Атадагы Кокон бегине малай болот. 1921–25-жылдары Кетментөбө, Талас, Чүй өрөөндөрүн басып алган Кокон хандыгынын жер-жерлерге койгон бектери жергиликтүү элден ар түрдүү чыгымдарды мал түрүндө жыйнап, Коконго жөнөтүп турган.… Кененирээк »