ТОПУ
«Желкеден чыгып топусу, Жейрен шым бутта калдырап» (Казыбек). Бул — тегерек баш кийим. Илгери топу ар кандай кездемелерден төбөсү кууш бычылып, бүйрө тигилип, ак кездеме менен ичтелип кештеленген. Кыз-келиндер төбөсү бийик жана кууш топу кийишкен. Бара-бара ал ар кыл түстөгү жердиктен төбөсү менен алкагы тегерек жана жапыз тигилип, зер, бермет, шуру, акак өңдүүлөр менен кооздолуп, үкү (канаты) тагылган.… Кененирээк »