Tag Archives: бек

КАЗЫ

КАЗЫ, к а д и й – мусулман өлкөлөрүндө шарият жолу менен тергөөгө алып, тийиштүү чечим чыгаруучу сот, Орто  кылымдарда К. ар кыл документти күбөлөндүрүүнүн (нотариустун) да милдетин аткарган: жетимдерге көз салган же  аларга көз салып туруу үчүн адамдарды дайындаган; кылмыш иштери же граждандык иштер боюнча өкүмдөрдүн  аткарылышын көзөмөлдөгөн. XIX к. жана ХХ к. башында ак сөөктөр сотунун… Кененирээк »

ДАТКА

ДАТКА (фарсыча «дадхох» – «адилетти сүйүүчү», «адилетти каалоочу», «адилетчил») – мансап даражасы. 1. Бухара,  Кокон жана Хива хандыктарынын убагындагы жогорку мансап. Амирдин атына келген арыздарды кабыл алып, анын  жообун арыз ээсине билдирип туруучу адам. 2. Кокон хандыгындагы ири феодал төбөлдөрүнө берилген аскердикакимдик чин. Бул чинди алгандар Кокон ханынын саясатын жүргүзүүгө белгилүү деңгээлде милдеттүү болушкан. Д.  негизинен жергиликтүү бийликтин… Кененирээк »

БЕК

БЕК – башкаруучу; орто кылымдагы түрк элдеринде жергиликтүү бийлик ээлерине берилүүчү титул. Б. мамлекеттеги эң  жогорку титул ээси – кагандан (хандан) төмөн туруп, жергиликтүү бир дубандын же аймактын бийлигин өз колуна  топтогон. Кокон хандыгына баш ийген кыргыздарда Б. өз вилаетинде хандын өкүлү болуп, хандын казынасына алыксалык чогултуу ишин көзөмөлдөгөн, хандын жергиликтүү өкүлү болуп, өз чегиндеги маселелерди чечип турган.