Tag Archives: бий

МАНАП

МАНАП – Совет бийлигине чейинки кыргыз коомунда эл бийлеген, үстөмдүк кылуучу таптын өкүлү, өз уруу мүчөлөрүн  соттоого укуктуу жана аларга уруу чабыштарында жетекчилик кылуучу уруу башчысы. Укугу жагынан бий, М.  биринен-бири эч кандай айырмасы деле жок. ХVШ к. баатыр, тектүү бий гана М. деп аталган. ХIХ к. башынан М. наамы  жана бийлик мураска калтырыла баштаган. Коомдогу кадыр-баркы, ата-тегине… Кененирээк »

ДАТКА

ДАТКА (фарсыча «дадхох» – «адилетти сүйүүчү», «адилетти каалоочу», «адилетчил») – мансап даражасы. 1. Бухара,  Кокон жана Хива хандыктарынын убагындагы жогорку мансап. Амирдин атына келген арыздарды кабыл алып, анын  жообун арыз ээсине билдирип туруучу адам. 2. Кокон хандыгындагы ири феодал төбөлдөрүнө берилген аскердикакимдик чин. Бул чинди алгандар Кокон ханынын саясатын жүргүзүүгө белгилүү деңгээлде милдеттүү болушкан. Д.  негизинен жергиликтүү бийликтин… Кененирээк »

БИЙ

БИЙ – көчмөн жана жарым көчмөн түрк элдеринде уруу башчысынын мансап наамы же даражасы; дубанды, аймакты  бийлеген. XIX к. аягы ХХ к. башында кыргызда Б. – уруу (урук) башчысы болуу менен бирге саясий, акимдик, чарбалык  жана соттук милдеттерди да аткарган; Б-дин даражасы мурас катары атадан балага өткөн. ХIХ к. биринчи жарымында Б.  мансабы орто жана майда манаптарга, каада-салтты… Кененирээк »

МУХАММЕД КЫРГЫЗДЫН (ТАГАЙ БИЙДИН) КЫРГЫЗДАРДЫ БИРИКТИРИШИ

ХV-ХIХ кк. кыргыздар өз алдынчалыгын сактап калуу үчүн күрөшүн уланткан. Ошол мезгилде Орто Азияда, Моголстанда жана Казакстанда олуттуу саясий окуялар болуп өткөн. XV к. тартып, Ала-Тоонун аймагы Кыргызстан катары туруктуу саясий-мамлекеттик аталышка ээ боло баштаган. Ушул мезгилден баштап кыргыздардын уруу башчылары моголдорго баш ийбей, иш жүзүндө өз аймагын башкарууну өз колдоруна ала башташкан. Казакстандын батыш тарабында калааларда жашаган… Кененирээк »