БОЛУШ
БОЛУШ – (орусча – волость, волостной управитель – башкаруучу) падышалык Россияда аймактык-администрациялык бирдик. Россиянын составына кирген Кыргызстандын аймагы уезддерге жана волостторго (болуштарга) бөлүнгөн. Болуштуктун көлөмү тууралуу ар кандай көз караштар бар. Бирөөлөрү, болуштук 1000–2000 түтүндөн турган десе (Кыргыз тарыхы сөздүгү), экинчилери 300 түтүнгө жакын (X. Карасаев. Өздөштүрүлгөн сөздөр, Фрунзе, 1986.) деп белгилешет. Болуштукту башкаруучу адам Б. деп аталган.… Кененирээк »