БОСОГО-ТАЯК
«Кайыңдан түндүк ийдирген, Каалга, таяк босого, Канча түрдөп чийдирген» («Манас»). Бул — боз үйдүн жыгачынын бир бөлүгү. Үйдүн эшигинин жана каалгасынын жыгач кашеги. Ал уук-кереге менен түндүктүн тең салмакта тигилишин аныктайт. Үйдүн босого-таягынын узун болжолдо 1,4 метр, туурасы 1,0 метр, жазылыгы 25 см. келип, ал «таяк-босогого», «баш босогого», «каалга» болуп, үч бөлүктөн турат. Бири-бирине ашталат да, кереге саканактары… Кененирээк »