Tag Archives: Бөлөбалаев

ОСМОНКУЛ БӨЛӨБАЛА УУЛУ

Кыргыз ырчылар поэзиясында учкул ойлуу, акылга канык асыл сөздөрдөн ыр токуп адамзат генийинен гана жаралчу кундуу чыгармалары менен акындар поэзиясынын классикалык доорун түзгөн ондогон залкар таланттардын өткөндүгү маалым. Төкмөлүк өнөрүбүздө ырчылык менен «манасчылыкты» жупташтыра билген Балык, Сагымбай, Найманбайдай; негизинен ырчылык менен күүчүлүктү өнөрлөгөн Музооке, Айдаралы, Коргол өңдүү (Айдараалыда мындан тыш куудулдук, пародистик, Корголдо куудулдук, обончулук да болгон —… Кененирээк »

ОСМОНКУЛ БӨЛӨБАЛАЕВ

БӨЛӨБАЛАЕВ  Осмонкул (1988, Кант р-ну  –  1967, Бишкек)  –  акын. Б. кайсыл тематикада эмнени ырдабасын,  буйдалбастан төгүп жиберген артыкчылыгы, ырларынын салмактуулугу, санаттарынын учкулдугу, төкмөлүгүнүн күлүктүгү, оюңдагыны таап ырдаган алымдуулугуу м-н Жеңижок, Эшмамбет, Барпыдай ак таңдай төкмөлөрдүн катарына кирет. Б. алгач Жаманкул, Калмырза сыяктуу ырчыларды көрүп, төкмөлүктүн жол-жобосун үйрөнгөн. Бирок, Б-ди чоң ырчы кылган устаты Калык болгон. Агасы Сүйүмбайдын көмөгү м-н дин мектебинен окуп, кат тааныган.… Кененирээк »