Tag Archives: Василий

БАРТОЛЬД Василий Владимирович

БАРТОЛЬД Василий Владимирович (1869, Петербург ш. – 1930, Ленинград ш.) – чыгыш таануучу түрколог; асыресе Орто Азия м-н Борб. Азиядагы элдердин тарыхын изилдөөчү; академик (1913), проф. (1901). 1891-ж. Петербург ун-тин (чыгыш тилдери факультетин) бүтүргөн. Эки бөлүктөн турган «Моңгол эзүүсүнүн доорундагы Түркстан» аттуу эмгеги (1898–1900) үчүн ага «Чыгыш тарыхынын доктору» деген ил. наам берилген. Түрк элдеринин тарыхын жалпылаштырып жазган… Кененирээк »

ВАСИЛИЙ ВЛАДИМИРОВИЧ БАРТОЛЬД

ХIХ кылымдын токсонунчу жылдары В. В. Бартольд үчүн көбү басыла элек нечендеген түп нуска даректердин үстүндө чындап талыкпай иштөөнүн жылдары болуп калды, аларды үйрөнүүнүн негизинде ошол жылдары өзүнүн негизги «Түркстан моңголдор чабуулу доорунда» деген эң маанилүү эмгегин жараткан. Бул эмгекти 1900-ж. күзүндө ал чыгыш тилдери факультетине магистр илимий даражасын алуу үчүн диссертация катары берген. Бирок диссертация жактагандан кийин… Кененирээк »

ВАСИЛИЙ ВЛАДИМИРОВИЧ БАРТОЛЬД

Василий Владимирович Бартольд 1869-ж. 3(15)-ноябрда Санкт-Петербургда орусташкан немистин үй-бүлөсүндө төрөлгөн; чоң аталары Балтика боюнан чыккан, чоң таятасы лютеран пастору Россияга Гамбургдан көчүп келген. В.В.Бартольддун атасы биржа маклери болгон. В. В. Бартольд өзүнүн «Өмүр баянында» атасынын тапкан-ташыганы кийин уулдарына сакталбай калганын, 1917-жылы Улуу Октябрь революциясынан кийин «атасынын балдарынын бири да эмигрант болуп кетпегенин» белгилейт. Бирок балалык жана өспүрүм жылдары… Кененирээк »

ВАСИЛИЙ РАДЛОВ

РАДЛОВ Василий (Фридрих Вильгельм; 1837, Берлин  –  1918, Петроград)  –  орустун Чыгышты изилдөөчү  илимпозу, илим дүйнөсүнө кеңири таанымал түрколог, этнограф, археолог. Улуту немец. Берлин университетин бүтүргөн (1858). 1884-жылдан Петербург ИАнын академиги. Алтайда, Сибирде, Орто Азияда бир нече жолу экспедицияда болуп, түрк элдеринин тили, оозеки чыг-лыгы, этнографиясы боюнча  материал жыйнаган, Орхон-Енисей жазууларын окуган, түрк тилдерин салыштырма тарыхый метод менен изилдөөгө негиз салуучулардын бири. Радлов кыргыз тилинде жарыялаган… Кененирээк »

ВАСИЛИЙ ВЛАДИМИРОВИЧ БАРТОЛЬД

Василий Владимирович Бартольд — дүйнөгө даңкы чыккан эң көрүнүктүү чыгыш тарыхчысы. Анын зор окумуштуулук таланты, таң каларлык эрудициясы, талыкпай эмгектенүү жөндөмдүүлүгү жана чыгыш тилдерин мыкты билгендиги ага 400дөн ашык илимий эмгек жаратууга мүмкүндүк берген. Мындан тышкары ал «Ислам энциклопедиясына» Орто Азиянын тарыхы боюнча 246 макала жазган. Анын эмгектери 9 томго бириктирилип, 1963—1977-жылдары кайрадан басылып чыкты.