Tag Archives: ДИВЕРГЕНЦИЯ

ДИВЕРГЕНЦИЯ

ДИВЕРГЕНЦИЯ (лат. diuergo — ажыроо) – саясий система, саясий процесс, саясий маданияттын сапаттык жана сандык  жактан ар түрдүүлүгүнүн көбөйүшү. Дүйнөлүк саясий процесске жаңыдан көп өлкөлөрдүн кошулушуна байланыштуу  саясий маданият байып, жаңы маданият жана салттар пайда болот. Жаңы саясий феномендердин, окуялардын пайда  болушун азыркы саясий илимде эмергенция деп атап жүрүшөт.