Tag Archives: доору

ТЕМИР ДООРУ

ТЕМИР ДООРУ болжолу б. з. ч. 8-к-дан башталат. Ал темирден жасалган эмгек ж-а согуш куралдарынын пайда болушу, кеңири жайылышы м-н мүнөздөлөт. Т. д-нун техникалык жагынан эң негизги жетишкендиги кенден темирди нымдуу үйлөө ыкмасы м-н алуу болуп саналган. Жаңыдан пайда болгон бышык металлга таш, сөөк, жыгач, ж.б. теңтайлаша алган эмес. Темир буюмдарды коло буюмдардай куюу жолу м-н эмес, согуу… Кененирээк »

КЫРГЫЗСТАН БИЗДИН ЗАМАНДЫН XI—XII КЫЛЫМДАРЫНДАГЫ КАРАХАНДАР ДООРУНДА        

X кылымдын акырында Кыргызстандын аймагында өзүнүн бийлигин бүт Орто Азияга тараткан жаңы династия пайда болот. Карахандардын саясый тарыхы ушул кезге чейин толук маалым эмес. Алсак, мисалы, династиянын хандарынын башкарган мезгилдеринин толук даталары жок. Ушул күнгө чейин карахандар династиясы кайсы уруудан чыкканы да белгисиз. Сыягы, карахандар династиясын ягма уруусунун башчысы негиздесе керек. Карахандар династиясын тогуз-огуз-уйгурлар негиздеген деген эски гипотезаны… Кененирээк »

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТАШ ЖАНА КОЛО ДООРУ

Таш доору адам коомунун өнүгүшүндөгү тарыхый-маданий мезгил. Бул учурда эмгек жана согуш куралдары негизинен таштан жасалып, жыгач менен сөөк да колдонула баштаган. Анын акыркы баскычында карапа идищтерди жасоо өнүккөн. Таш доору адамзат тарыхындагы узакка созулган доор, ал адамдын айбанаттар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыгышынан башталып (мындан 2,5 млн жылдай мурда), металл пайда болгонго (мындан 8 мин жылдай мурда) чейин созулган.… Кененирээк »

КОЛО ДООРУ. ОШ ТУРГУН ЖАЙЫ

Колодон жасалган эмгек куралдары, тиричилик буюмдары колдонулган мезгил, коло доору б. з. ч. 3 миң жылдыкта башталып, 2 мин жылдыкта өзүнүн гүлдөгөн мезгилине жетип, 1 миң жылдыктын башталышында бүткөн. Чүй өрөөнүнүн Сокулук, Садовое кыштактары, Кочкордун Шамшы коктусунан табылган коло куралдардын кенчи Кыргызстандын аймагында б. з. ч. XII—VIII кк. коло доорунун өзгөчө өнүккөндүгүн айгинелейт. Болжол менен б. з. ч.… Кененирээк »