Tag Archives: драматург

ЖАЛИЛ САДЫКОВ

Жыйырмадан ашуун ыр китептерин жарыялап, жыйырмадай көп актылуу пьесаларды театрларга койдуруп, элдин алкоосуна ээ болгон Жалил Садыковдун поэтикалык жана драмалык чыгармалары идеялык-эстетикалык салмактуулугу менен бүгүнкү күндө кыргыз адабиятынын, театр искусствосунун тарыхына кошулган маанилүү салым болуп калды.

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ

Акын жана драматург катары элдин урматтоосуна арзыган Жоомарт Бөкөнбаев (1910-1944) кыска, бирок жемиштүү чыгармачылык жолду басып өткөн. Жаштайынан энеси Алтынайдын жомокторун, кошокторун көп угуп, тестиер кезинде эле элдик поэзияга аябай кызыгып, бара-бара Токтогул башында турган Кетмен-Төбөдөгү ырчылар мектебинен кандайдыр бир деңгээлде таалим алып, анан 1924-жылы Жалал-Абадга окуу издеп келген кезде Жоомарт он төрт жашар өспүрүм эле.

КАСЫМАЛЫ ЖАНТӨШЕВ

Көрүнүктүу прозачы жана драматург Касымалы Жантөшев (1904-1968) 16 жашка келгенде гана жаңыдан кат тааныгандыгын, алгач арипти Орозакун Илепес уулу деген мугалимден үйрөнүп, анын колунан биринчи жолу басма жүзүндө басылган китепти 1920-жылы көргөндүгүн жана 1921-жылы комсомолдун катарына өткөндүгүн өзүнүн «Тепкедеги жаңы мектеп” деген эскерүүсүндө кеңири баяндаган. 1924-жылга чейин айылдык мектепте, анан Фрунзедегн педтехникумда окуган.

КУБАНЫЧБЕК МАЛИКОВ

Көрүнүктүү акын жана драматург К.Маликовдун (1911-1978) көркөм адабиятка шилтелген алгачкы кадамы кабарчылык иштен башталган. 1926-жылдын сентябрь айында «Эркин-Тоонун” 15 жаштагы кабарчысы К.Маликов ошол газетанын редакциясынын түздөн-түз жардамы аркылуу Фрунзедеги педтехникумдун орто даярдоо классына келип киргенден тартып чыгармачылык ишке өз тагдырын биротоло байланыштырат.

РАЙКАН ШҮКҮРБЕКОВ

Таланттуу сатирик, акын, драматург жана чебер котормочу Райкан Шүкүрбеков 1913жылы Талас өреөнүндегү Ак-Чий деген жерде туулган, Октябрь революциясы, Совет бийлиги окууга, жашоого кеңири шарт түзгон мезгилде өсиүрүм курагына келип калган Райкан ошол кездеги башка кыргыз жаштары сыяктуу эле окууга, билим алууга умтулган.

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ

Касым Тыныстан уулу/Тыныстанов (1901, азыркы Ысыккөл району, Чырпыкты кыштагы, — 1938) — кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист,биринчи кыргыз профессору (1936). Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү мектебинде агартуу интстутунда окуган. «Эркин Тоо» гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген. 1927 — 30 жж. Кыргыз АССР эл… Кененирээк »

ТОКТОБОЛОТ АБДУМОМУНОВ

АБДУМОМУНОВ  ТОКТОБОЛОТ (1922, Кемин р-ну  –  1989)  –  драматург. Кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири. Кырг. Респ. иск-вого эмгек сиңирген ишмери (1972), Кырг. Респ. эл жазуучусу. А-дун ысымы м-н кыргыз драматургиясынын  өсүп-өнүгүшү, бүгүнкү  күндөгү  жетишкен деңгээли ажырагыс байланышта. Ал көбүнчө моралдык-этикалык темаларга кайрылып, аларды драматургиянын «стилинде” олуттуулук м-н баяндаган.     Психологиялык жактан ишенимдүү, жекече мүнөзгө  ээ, типтештирилген каармандардын тобун жараткан. Алгачкы пьесалары: «Кумдуу чап” (1946), «Замандаштар” (1948), «Курман” (1950) ж.… Кененирээк »

МАР БАЙЖИЕВ

БАЙЖИЕВ  МАР  (1935, Жалалабат ш.)  –  прозаик, драматург, кинодраматург. 1960-ж. КМУнун филология факультетинин орус тили ж-а адабияты бөлүмүн,  1964-ж. Москвадагы Жогорку сценарийлик курсун бүтүргөн. Байжиев чыгармаларын эки тилде – кыргыз ж-а орус тилдеринде жараткан билингивист жазуучу. Анын ысмы таланттуу прозачы ж-а драматург катары Кыргызстанга эле эмес, чет өлкөлөрдө да кеңири белгилүү. Байжиев чыг-лык ишин адабий сынчы ж-а котормочу катары студент кезинде эле баштаган. Анан  өз калемин чакан сатиралык аңгемелерде ж-а… Кененирээк »

МЫРЗА ГАПАРОВ

ГАПАРОВ  Мырза (1936, Ноокат р-ну  –  2002, Бишкек ш.)  –  прозаик, драматург, кинодраматург. 1962-ж. КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 2002-ж. чейин чыг-лык ишке байланышы бар ар түрдүү  кызматтарда эмгектенген. Чыг-лык жолу 50-жылдары башталган. Г-дун алгачкы аңгемелери «Сырдуу окуя” (1956), «Бөтөн таканын изи” (1958) жазуучулук кесипке багыт алгандыгын белгилөөчү фактылык маалымат катары, ал эми анын алгачкы «Мейман” (1962) аттуу жыйнагы жазуучунун кыргыз балдар адабиятына кошкон кичине… Кененирээк »

БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВ

ЖАКИЕВ Бексултан (1936-ж. т., Тоң р-ну) – драматург, прозачы. Кыргыз эл жазуучусу (1993), Кырг. Респ. иск-вого эмг. сиң. ишмери (1974). Кырг. Респ. Токтогул атн. мамл. сыйлыгынын лауреаты (1989). КМУнун филология факультетин (1958), Москвадагы жогорку сценарийлик курсун (1962) бүтүргөн. Ж. коомчулукка «Атанын тагдыры” (1959) аттуу алгачкы драмасы м-н таанылган. Анда драматург бир карыянын согуштун кесепетинен башына түшкөн оор трагедиясын… Кененирээк »