АЛЕҢГИР ЖАА
АЛЕҢГИР ЖАА — эпосто баатырлардын алып жүргөн жоо жарагы: «Атынын мойну бир кулач, Айбандан түрлүү көрүнөт, Алеңгир жаа асынган, Адамдан сүрдүү көрүнөт» (Сагымбай Орозбаков, 2. 300). Алеңгир — байыркы түрк-моңгол сөзү. Саадак деген маанини билдирет. Ал эми жаа деген экинчи компоненти да саадак маанисинде колдонула берет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында А. ж. кытай жоокерлери колдонгон курал катары да айтылат.… Кененирээк »