Tag Archives: жабдык

СЫЗМА

СЫЗМА — өрмөктө түрдүү өңдө (кызыл, сары, көк, кара, ак) боелгон тал жиптерди күзүктөп, көркөм көчөт түшүрбөй эле бир гана аркак салуу менен согуу. Мындан «уук тизгич», кереге башын «чалуу», «кереге таңуу», «саканак таңуу», «туурдук боо», «жабык баш боо», «үзүк боо», «тегирич боо» өңдүү боз үйдүн боо- чууларын, «шалча», «такта жапкыч» жана ушул өңдүүлөрдү көп жасашат. Айрым аймактарда… Кененирээк »

СҮЗМӨ (ЖҮЗМӨ)

СҮЗМӨ (Жүзмө) — Ат жабдыктарына чабылуучу шөкөт. Учу илмекей, сүйрүрөөк келген томпогураак шөкөт. Мунун узундугу 6—7 см ге, туурасы 2—2,5 см ге барабар, иймекей учу кайышка имериле чабылат. Куюшкандын эки жак «сүзмөлөрүн» бириктирген чагарагы бар. Аттын соорусуна түшүп турган кайышка чабылган «кош солондору» болот. Куюшкандык кайыш «кошунду» аркылуу биригет. Ат — жабдыктарынын бул бөлүгү да өтө зергерчиликте шөкөттөлөт.… Кененирээк »

КӨМӨЛДҮРҮК

«Көмөлдүрүк, куюшкан. Көркүм үчүн жарашкан» (Эл ыры). Бул — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Ээрдин алдыңкы эки актасына бекитилип, чагарак менен туташып, аттын омуроосуна тартылуучу каттай кайылган кайыш же өрүм. Ал өр таяна бастырганда ат токулгасын артка жылдырбаш үчүн тагылат. Көмөлдүрүктүн бир учу чагаракка бекитилип, экинчи жагы сагак менен биригет. Мунун да жүгөндүкүндөй «сүзмөсү», «балдагы» менен «олоң тили» бар.… Кененирээк »

ЖҮГӨН

«Укурук салбас азоолор, жүгөндөп минсең көнүгөт» (Токтогул). Бул — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Жылкынын башына катылат. Ат жабдыктарынын өлчөмү ар кандай болот. Орточо жүгөндү колдон чыгаруу үчүн анын тумшугунун эки жагы 16 смден — 32 см, эки «ооздук» келүүчү жери 6 смден 12 см, жүгөндүн «оң жаагы» 33—35 см., «сол жаагы» 80—82 см., «сагак» 40—42 см, «сагакты илүүчү… Кененирээк »

АТ ЖАБУУ

АТ ЖАБУУ (тикек) — Ат жасалгаларынын мерчемдүү бөлүгү. Ээрдин алдынан, тердиктин үстүнөн аттын соорусуна чейин жабылуучу көркөм буюм. Сынга толуучу аруу буюм ат жабуу өрмөкчүлүк (терме, кажары, беш кеште) менен катар саймачылык менен асемделет. Демек, эндей таарга жана кездемеге сайма көчөттөрүн көчүрүү үчүн уздар ботонун, койдун жүнүн ипичке ийрип, аны оңго жана солго чыйратышкан. Ат жабууну кадимки жүн… Кененирээк »

АТ ЖАБДЫК

АТ ЖАБДЫК— (ээр токум, ат токулгасы). «Атка, уйга жарашкан, жабдык сатты кайран эл» (Ысак). Бул — атка токуп, минип кетүүгө керектүү буюмдардын жана шаймандардын жалпы аталышы. Ага: ээр, үзөңгү, канжыга, жүгөн, нокто, чылбыр, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, желдик, тердик, ичмектен сырткары көрпөчө, ат жабуу, үртүк, камчы кирет. Аталган буюм-тайымдардын ар биринин өзүнчө аткара турган милдеттери бар. Жасалышы жана санжырасы… Кененирээк »