Tag Archives: Жантөшев

КАСЫМАЛЫ ЖАНТӨШЕВ

Көрүнүктүу прозачы жана драматург Касымалы Жантөшев (1904-1968) 16 жашка келгенде гана жаңыдан кат тааныгандыгын, алгач арипти Орозакун Илепес уулу деген мугалимден үйрөнүп, анын колунан биринчи жолу басма жүзүндө басылган китепти 1920-жылы көргөндүгүн жана 1921-жылы комсомолдун катарына өткөндүгүн өзүнүн «Тепкедеги жаңы мектеп” деген эскерүүсүндө кеңири баяндаган. 1924-жылга чейин айылдык мектепте, анан Фрунзедегн педтехникумда окуган.

КАСЫМАЛЫ ЖАНТӨШЕВ

Кыргыз совет адабиятын баштагандардын жана аны андан ары күрдөөлдүү өнүктүргөндөрдүн бири Касымалы Жантөшев 1904-жылы Ысык-Көл өрөөнүндөгү Түп районуна караштуу Теңизбай деген айылда дыйкандын үй—бүлөсүндө туулган. Ал адегенде айылдык мектепте (1919— 1924) окуп, кийин Фрунзедеги педагогикалык техникумду бүтүргөн (1930). Окууну аяктагандан кийин эл агартуу системасында, кыргыз театрында кызмат өтөгөн.

КАСЫМААЛЫ ЖАНТӨШЕВДИН «КАНЫБЕК» РОМАНЫ

«КАНЫБЕК” – К. Жантөшевдин кыргыз фольклоруна болгон мамилеси биринчи муундагы кыргыз жазуучуларынын өкүлдөрүнө  караганда айрыкча бир кырдаалдар менен айырмаланып турат. Дегеле жазуучунун фольклорго мамилесин ажыратып, жиктеп, этаптарга бөлүп көрсөтүү мүмкүн эмес. Фольклордук аң-сезимдин стихиясы жазуучунун бүткүл чыг-лык жолун бирдей эле даражада аралап  өтөт десек болот, башкачараак айтсак, К. Жантөшев жаралышынан импровизатор-айтуучу, бирок жазма түрүндөгү  импровизатор. Импровизатордук касиет: сюжеттик чиелеништерде, баяндоонун коюлушунда,… Кененирээк »

КАСЫМАЛЫ ЖАНТӨШЕВ

ЖАНТӨШЕВ Касымалы (1904, Түп р-ну – 1968) – Кыргыз эл жазуучусу. Айрым маалыматтарга караганда ал 1922-ж. «Койчу” деген биринчи драмалык чыгармасын жазган. Ж-дин билимге, дүйнөнү  таанып-билүүгө  болгон  өлчөмсүз кызыгуусу ж-а китеп жазууга потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү  анын адегенде эл агартуу системасында иштеп жүргөн чагында чыгарган китептеринен байкоого болот. Мис., «Окуу китеби”, 1 жылдык (1930), «Сабатсыздар  үчүн кыргыз тилинин программасы ж-а окутуу методу” (1931), «Колхозчулар үчүн окуу… Кененирээк »