Tag Archives: Жоомарт

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ

Акын жана драматург катары элдин урматтоосуна арзыган Жоомарт Бөкөнбаев (1910-1944) кыска, бирок жемиштүү чыгармачылык жолду басып өткөн. Жаштайынан энеси Алтынайдын жомокторун, кошокторун көп угуп, тестиер кезинде эле элдик поэзияга аябай кызыгып, бара-бара Токтогул башында турган Кетмен-Төбөдөгү ырчылар мектебинен кандайдыр бир деңгээлде таалим алып, анан 1924-жылы Жалал-Абадга окуу издеп келген кезде Жоомарт он төрт жашар өспүрүм эле.

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ

Ж. Бөкөнбаев чыгармачылыкта он бештей гана жыл жашаптыр, анын да көбүн окуу менен, газет-журналдардын түйшүктүү иши менен, Токтогулдун эл ичинде чачылып калган ырларын жыйноо менен, караң калгыр согуштун каары менен алпурушуп өткөрүптүр, өзүнүн бүткүл мүмкүнчүлүгүн чыгармачылыкка арнап бере албай келиптир. Ошентсе да анын поэзиясы кырк-элүү жылдан кийинки окурмандын көзү менен караган күндө да, жаңы жактары, бүгүнкү адамды да… Кененирээк »

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ

БӨКӨНБАЕВ Жоомарт (1910 – Кетментөбө р-ну, 1944). Кыргыз адабиятынын баштоочуларынын бири. Жаш кезинде атасынан ажырап, өлгөндүн азабын бир тартса, өгөй атанын запкысын бир тартып, эрезеге жеткен. Окуйм деп дегдеген Жоомарт 1924–36-жылдары «Көкарт” балдар  үйүндө  тарбияланган. 1931-ж. Фрунзедеги педтехникумду, 1935-ж. Москвадагы Коммунисттик университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. «Жер алган кедейлерге” деген алгачкы ыры 1927-ж. жарык көргөн. 1933-ж. «Эмгек төлү” аттуу биринчи ырлар… Кененирээк »