ЖОШО
«Боз үй тиктик жасалгасы келишкен, Жыгачтарын жошо менен сырдаган» (эл ыры). Бул — көркөм кол өнөрчүлүктүн жердиги. Жыгаччылыктын боегу. Ал кызгылт, күрөң, же кочкул кызыл түстүү топурак, чопо кейиптенген минерал зат. Чеберлер көбүнчө боз үйдүн уук-керегесин, түндүгүн, босого-таягын, каалгасын, үкөктү, чарпаяны, жүк тактаны, сабаа тактаны, бешикти жана башка жыгач буюмдарынын өңүн ачуу үчүн такай колдонушкан. Жошо жыгачтын касиетин… Кененирээк »