Tag Archives: жыгач

ЧАРПИЯ (СУПА)

ЧАРПИЯ (СУПА) — Төрт буттуу секиче. Бул — аймактык бөтөнчөлүктөрү бар жыгач буюму. Коомдук жайларда, чайканаларда, же үйлөрдө турмуш-тиричилик үчүн чарпаянын мааниси зор. Мында төрт-беш адам жайынча отурат, тамак ичет, эс алат, төшөк салып уктоого да болот. Ал өзүнчө куттуу жайды элестетет. Күндөлүк жашоону канааттандырууга шартташкан бул өңдүү чоң жыгач керебет арчадан да, карагайдан да, талдан да, теректен… Кененирээк »

ҮШКҮ

ҮШКҮ — жыгач усталардын негизги аспабы. Чеберлер буга жумуру жыгач саптайт. Учу миздүү болот. Муну менен уук баштарын, кереге көздөрүн көзөйт. Кобул салгычтын төрт-алты тиши бар. Алардын аралыгы үч мм ге барабар. Кичине үшкү төрт тиштүү, чоң үшкү алты тиштүү болот. Чебер үшкүнү өзүн карай тартып, жыгачка «тап» (кобул) түшүрөт. Кереге жел көзбү, же тор көзбү, ошого ылайыктап,… Кененирээк »

ҮЙ ЖЫГАЧТАРЫНЫН ЖЕРДИГИ

Элдик мүлк боз үйдүн сөөгү, буюмдун негизги бөлүгү. Буга карата үйдүн көлөмү аныкталат. Үй жыгачынын жердигинин бири тал болот. Мунун бир нече түрлөрү бар. Жыгаччылар алардын ич ара касиеттерин таасын билишет. Айталы, ак тал өтө бышык келет. Көл башында жана тескей тарапта анын жапайы түрү жыш өсөт. Бул өтө ичке анан түз көрүнөт. Чеберлер там аркаларына анын көчөтүн… Кененирээк »

ЖЫГАЧ ОЮМДАРЫ

ЖЫГАЧ ОЮМДАРЫ— Жыгач бетине элдик көркөмдүк берүү. Жыгачтын ар кандай шартына карап, кооздукту берүү өнөрү кыргызда байыртан бери келген. Анткени, жыгаччылык элибиздин турмуш-тиричилигине кирип, жеринен карым-катыш алып келгени менен анын адамды имерчиктете турган эски нускалары азыркы муундарга эң эле аз санда жетүүдө. Айыл арасынан азыр мындай мурастарды чала-чарпын гана кездештиребиз. Көбүн эсе мунун айрым үлгүлөрүн эмки муундар музейлерден… Кененирээк »

ЖЫГАЧЧЫЛЫК

ЖЫГАЧЧЫЛЫК — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Ар бир жыгачтын өзүнүн өзгөчөлөнгөн касиеттерин чеберлер мыкты билишет. Алардын ичинен өрүк жыгачы катуу келет. Бул темирдин болоту сыяктуу чорт сынма болот. Жыгачтын курчу ушул өрүк бычакты да майтарат. Эгер ошондой жоондугу бирдей алма жыгачын эки таштын ортосуна коюп урса, ал чорт сынбай, узунунан жарака кетип, кайыштай толгонуп, былчыйып туруп… Кененирээк »

ЖЫГАЧ УСТА

ЖЫГАЧ УСТА (жыгаччы) — Жыгачтан ар кандай салттуу буюмдарды жасоочу чебер. «Уукчу», «Керегечи» боз үйдүн уук-керегесине, босого-таягына узанат. «Түндүкчү» жалаң боз үйдүн түндүгүн кармайт. «Ээрчи» — эр ээрин, айырмачты, ыңырчакты, «Кырмачы» — табакты, чараны, аякты, челекти, сузгуну, чөйчөктү, кашыкты, сокуну, чыны кутуну, бишкекти, «Тактачы» — сандыкты, үкөктү, жагданды, жүк тактаны, саба тактаны, чанааны, чийнени, чарпаяны, «Комуз уста» —… Кененирээк »

ЖАН АЯК

ЖАН АЯК — Жыгач буюму. Ал — чөйчөк сыяктуу тегерек, же сүйрүлөнүп, ичи ичтүү жасалат. Кармоого эптүү жумуру сабы бар тамекинин жалбырагын назыбай кылып ийлей турган идиш. Мунун узуну бир жарым карыштай, жалбыракты ийлөөгө оңтойлуу чуңкурчалуу торчолонгон жумуру таякчасы болот. Ана жанаяктын «баласы» деп коет. Жанаяк жасоо үчүн чебер талды, тегеректи кырма идиштердей көлөмдө кыйып келип, ичин оё… Кененирээк »