Tag Archives: зат

ЗАТТАШТЫРУУ

ЗАТТАШТЫРУУ (Овеществление) — товарды өндүрүүгө ж-а социалдык мамилелерди жеке мамилелерден буюмдук мамилелерге айландыруунун тарыхый өзгөрмөлүү формасы. Мында адам даяр ролду аткаруучуга, буюмдарды өндүрүүнүн каражатына айланат, адамдын ишмердүүлүгү ага үстөмдүк кылган шарттардан көз каранды болуп калат ж-а чыгармачыл эмес функцияларды аткаруу м-н чектелет, ал өзүнүн коомдук мамилелерин буюмдук мамилеге, күчүн ж-а чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн буюмдук «байлыкка», буюмдук «чөйрөгө» айландырат.

ЗАТ

ЗАТ (Вещество) — материянын физикалык талаадан (поле) айырмаланып, тынч абалдагы, массага ээ болгон түрү. З-тын тынч абалдагы массасы нөлгө барабар болгон элементардык бөлүкчөлөрдөн (негизинен электрон, протон, нейтрон) турат. «Материя» — философиялык, ал эми З. физика ж-а химиялык мааниде колдонулат. Жөнөкөй З. бир эле химиялык элементтин атомдорунан, татаал З-тар эки ж-а андан көп элементтин атомдорунан түзүлөт. 17-18-к-дарда илимде атомдук… Кененирээк »