Tag Archives: зер

ЧАЧПАК

«Күмүштөн чачпак сооруңда, Күлгөнүң турат оюмда» (Боогачы). Бул — зер буюму. Кыз-келиндердин (кээде улгайган аялдардын да) аземдик үчүн тагынган кооз жасалгасы, чолпунун бир түрү. Ал үч бөлүктөн турат: башы (чач байлана турган жагы), ортосу (кооздуктар тагылган тарабы) жана учу (чачы). Азем көркөмдүктөр кадалган жагы. Чачпактын жасалышы боюнча ар бир элдин жекече маданий өзгөчөлүктөрү байкалып турат

ТОПЧУ

«Күмүштөн топчу бүчүмдө, Күйүтүм турат ичимде» (Боогачы). Бул — зер буюму. Улуттук кийим-кечектерге жакшы жарашкан кыз-келиндерибиз үчүн зергерлер колодон, жезден, күмүштөн, мүйүздөн асемдеп үлгү жасашкан. Салттуу буюмдун катарына кирет мунун бетине зергерчилик менен кооздук түшүрүшкөн. Адатта, топчуну темирден жана мүйүздөн арбын кармашат. Темир болсо ич жагынан кийим-кечеге кадалуучу илгичин жасап, аны кепшер аркылуу бекитет. Топчунун оң бетине ат… Кененирээк »

СЫЯ ТӨГҮҮ

СЫЯ ТӨГҮҮ (зоот, мөөр түшүрү, себет төгүү). Бул — элдик зергерликте күмүштү иштетүүнүн негизги ыкмасы. Күмүш бетин көркөм оюм-чийимдерди берүү менен көркөмдөө. Мында ага из түшүрүп алуучу «ийне шибегени» колдонушат. Андан соң анын сыртына зергерлер дапдаана оюм кылчу сабы жумуру жыгачтан эки см дей учу бар «чийим шибегени» же «ойгучту» пайдаланышат. Эми көркөм оюм түшкөн жерге «себетти» (боекту)… Кененирээк »

СӨЙКӨ (СЫРГА)

СӨЙКӨ (СЫРГА) — «Кулагыңа тагылган, Сыргаң болуп калсамчы» (Эл ыры). Бул — кыз-келиндерибиздин кулакка тага турган зер буюму. Анын кулакка илүүчү иймеги, ичке моюну жана сүйрү, тегерек, жумуру, жүрөкчөлөнгөн тоголок сыяктуу түрдүү формада алаканы (солоңдору). Сөйкө зергерчиликтин «сыялоо», «сирке төгүү», «тогуз төбөлөө», «Чапкылоо», «тордоо», «эшүү» «сомдоо» өңдүү негизги ыкмалары аркылуу жүзөгө ашат. Сөйкөнүн бир түрү «иймек» деп аталат.… Кененирээк »

СЕБЕТ

СЕБЕТ — оюм-чийимге төгө турган сыя, зер боегу. Илгери темирге жалатылган күмүш бетиндеги оюм-чийимге мөөр түшүрүү ыкмасы жергеде кеңири таралган. Аны жалпысынан «себет» деп да айтат. Айлакер зергерлер күмүш буюмунун түбөлүк өчпөй, кооз көрүнүп калышы үчүн жекече чеберчиликтери менен «боекту» (сыяны) өз колдорунан чыгарышат. Аны жасап алуунун ар кандай түрлөрү бар. Мунун ички сырын, кандай касиетке ээ экендигин… Кененирээк »

МҮЙҮЗЧҮЛҮК

МҮЙҮЗЧҮЛҮК — элдик көркөм кол өнөрчүлүгүндөгү устачылыктын бир түрү. Мүйүз устанын аспап-куралдары башка чеберлерден анча айырмаланбайт. Зергерчиликке таандык: кол араа, балка, ийди (ийги), үшкү (көзөгүч), бычак, үрпү, өгөө өңдүүлөр кирет. Элдик салттуу мүйүз буюмдарына өз бетинче узануу аракеттери чынында басаңдап баратат. Бүгүнкү чеберлер — мүйүз усталар атайын өнөр жай негизинде биргелешип иштөө аркылуу жалаң белек-бечкектерди чыгарышып, алар дүкөндөргө… Кененирээк »

МИНА КОЮУ

МИНА КОЮУ — азем буюмдарын кооздоонун бир ыкмасы. Ал «күмүшкө мина төгүү» деп да аталат. Мында күмүш бетине түшкөн чийимге минаны мыскылдап салып, отко коет. Мина мөлт этет да, чийимдин ичинен жатак алат. Аны кургак чүпүрөк же кийиз менен сүртсө, көркөм оюм жаркырай түшөт. Минтип күмүш буюмдарды кооздоо эски зергерлердин салты болгон. Мина боегу түрдүү түстө болот. Бул… Кененирээк »

МИСТӨӨ

МИСТӨӨ — жездин бетине калай жугузуу. Усталар жездин сары, кызыл түрлөрүн билет. Мындай жаркырак металлдардан ат жабдыктардын көркөм шөкөттөрүнөн, кыз-келиндердин өздүк кооз буюмдарынан башка мистабак, аптаба, чөөгүн, чайнек өңдүү ж.б.у.с. идиш-аяктарды ойдогудай жасап алышкан. Жезди, колону эритүүнүн өздүк ыкмасы күмүштүкүнө өтө окшош болуп, таза жездин өзүнө бирдеме салуу же коюу анча нарктуулукка жатпаган. Демек, жездин ичин калайлоодо илгери… Кененирээк »

МАРЖАН

«Тал чыбыктай боюңду, Таза баккын ыргалып, Тамагыңдын тагына, Маржан таккын ыргалып» (Барпы). Бул — зергерчиликте бир чети асемдик буюм катары колдонулуп, жипке тизилип, мончоктой эле моюнга тагылган шурунун бир түрү. Шурудан жасалган кооздук. Ал желбирөөч (моюнга тагылуучу көркөм тумарча), жаак мончок, чач учтук өңдүүлөргө өткөрүлөт да, элечектин тартмасына, чыны каптын, кайчы каптын, күзгү каптын бетине, шөкүлөнүн, тыш кийимдин… Кененирээк »

КҮМҮШ ЖАЛАТУУ

КҮМҮШ ЖАЛАТУУ (ширетүү) — Зергерликтин бир ыкмасы. Бул — күмүштү иштетүүнүн жөнөкөй, бирок негизги түрү. Адегенде күмүштү жашытуу зарыл. Бул үчүн зергерлер күмүштү темир бетине чабуудан мурун аны отко кармап, улам тап менен жашытып, үлбүрчөктөй жукартат. Ансыз ал талаптагыдай чыңалбайт. Зергерлер өзүлөрү мыктылап жасап, ширетип алган албарстай өткүр балкасы аркылуу кара темирге кыйма-чийме торчо сызык түшүрөт. Ага үлбүрчөктөй… Кененирээк »