Tag Archives: изилдөөчү

ИНАН АБДУЛКАДЫР

АБДУЛКАДЫР ИНАН (1889, Башкортстан, Екатеринбург-Чыгай —1976, Анкара) — түрк тилдүү окумуштуу, манас изилдөөчү. Улуту башкырт. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, кийин Троицкидеги Расулие мектебин бүтүргөн. Алгачкы илимий макаласы Оренбургдан чыгуучу «Вахт» («Убакыт») гезитине жарыяланган (1908). 1914-ж. жогорку мектепти бүтүрүп, 1915-ж. «Мусулмандар шарыят мекемесинин» кеңешинде мударис (профессор) наамын алган. 1915—23- жылдары мектептерде мугалим болуп иштеген. Орустарга каршы көз… Кененирээк »

БЕЛЕК СОЛТОНОЕВ

Кыргыздын белгилүү патриот уулдарынын бири, тарыхчы, элдик оозеки чыгармаларды жыйноочу, изилдөөчү жана акын Белек Солтоноев 1878-жылы Чоң-Кеминдеги, мурдагы аталышы боюнча Экинчи Жантай айылында, Аюке уругунда (азыркыча Тегирменти айылында) жарды үй-бүлөдө туулган. Наристе жарык дүйнөгө келбей жатып үч ай илгери атасы Солтонкелди көз жумуп, апасы Кыргый эски салт боюнча Солтонойдун никесине өтөт. Ошондон улам Солтонкелди уулу аталбастан, Солтоноев болуп… Кененирээк »