Tag Archives: илимий

ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОПТИМИЗМ, ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ОПТИМИЗМ

ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОПТИМИЗМ, ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ОПТИМИЗМ — философия, социология, футрология илимдериндеги агым; илим м-н техника өнүккөн азыркы шартта адамзат туш болгон глобалдуу проблемаларды илимий техникалык прогресстин жардамы м-н чечип, карама каршылыктуу экологиялык кырдаалдан чыгууга болот деп үмүттөнүү. И.-т. о. 20-к-дын 1960-ж-дын аягында 1970- жылдардын башында түптөлүп, модерндешкен технологиялык теориянын позициясынан туруп, «экологиялык пессимизмге» карама-каршы турган технологиялык теория. Көрүнүктүү өкүлдөрү —… Кененирээк »

ИЛИМИЙ ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС

ИЛИМИЙ ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС — илим м-н техниканын бирдиктүү, өз ара шартташкан, бир калыптагы өнүгүшү. ИТПнын тамыры 16-18-к-дагы мануфактуралык өндүрүшүнөн уланып, илимий техникалык ж-а техникалык ишмердик жакындаша баштагандан ары уланат. Буга чейин эмпирикалык тажрыйбадан, кол өнөрчүлүктүн купуя сырларынан, рецептеринен топтолуунун эсебинен жай темпте эволюциясын баштаган материалдык өндүрүштүн жаңыча аталышы. Аны м-н катар жаратылыш туурасында жай темпте прогрессин баштаган, өндүрүшкө… Кененирээк »

ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТЫ

ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТЫ (картинасы) — жаратылыштын жалпы касиеттери ж-а илимий ченемдери туурасында табият таануунун негизги илимий түшүнүктөрүн ж-а принциптерин жалпылоонун ж-а синтездөөнүн натыйжасында келип чыккан туташ бүтүн система. Д. и. с-нын дүйнө тааным ж-а методологиялык базасы материалисттик диалектика болуп саналат. Д-нүн жалпы илимий сыпаты м-н изилдөө предмети б-ча жакын болгон айрым илимдердин (физикалык, астрономиялык, биологиялык ж. б.) дүйнө… Кененирээк »

ИЛИМИЙ ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨНҮН МЕТОДОЛОГИЯСЫ

Методологиянын аныкталышы жана деңгээлдери Илимий педагогикалык изилдөөнүн методологиясынын мүнөздөмөлөрү Илимий педагогикалык изилдөөлөрдүн мүнөздөмөлөрү жана өзгөчөлүктөрү

КЫРГЫЗСТАНДЫ ИЛИМИЙ ЖАКТАН ИЗИЛДӨӨНҮН БАШТАЛЫШЫ

XIX к. экинчи жарымы XX к. башы Кыргызстан үчүн илимий жакы ачылыштардын доору болгон. Россия империясы менен Улуу Британиянын Кыргызстан үчүн атаандашуусунун натыйжасында орус өкмөтү бул аймакты изилдөө үчүн каражатты көбүрөөк бөлгөн. Натыйжада Россиялык бир катар илимий мекемелер өздөрүнүн окумуштууларын этнографтарды, тарыхчыларды, географтарды, тоо инженерлерин ж. б. адистерди атайын аскердик экспедициялар менен жөнөтүп турган. Бул экспедициялар биринчи кезекте аскердик… Кененирээк »