ИНТЕРПРЕТАЦИЯ
ИНТЕРПРЕТАЦИЯ (лат. interpretatio — чечмелөө, түшүндүрүү) — математикалык логикада, философияда ж- а илимдин методологиясында кандайдыр бир теориядагы элементтерге (формулаларга, символдорго, сүйлөмдөргө ж. б.) берилген маани-маңыздардын, чечмелөөлөрдүн ж-а түшүндүрүүлөрдүн жыйындысы; герменевтикада И. деп тексттерди чечмелөө, алардын маани-маңызын аныктоо же калыбына келтирүү түшүндүрүлөт. Диний ыйык китептерге, ошондой эле байыркы грек философторунун чыгармаларына баяндама, түшүндүрмө берүүнүн доору болуп саналган орто кылымдарда… Кененирээк »