Tag Archives: Ислам

АСА, АСА ТАЯК

АСА, аса таяк (арабча аса — таяк; аса-муса) — Муса пайгамбардын таягы. Мусулман мифологиясы боюнча Алла берген таяк менен Муса пайгамбар фараондун көзүнчө ар кандай сыйкыр көрсөткөн. Куранда айтылгандай, Муса таягын тирүү жыланга айланта алган; Фараондун куугунчуларынан качып келатып деңизди чапса деңиз ачылып, тоо болуп калган; чаңкаган элдин суусунун кандыруу үчүн асканы чапса, андан атырылып он эки булак… Кененирээк »

«КЫСКАЧА ИСЛАМ НЕГИЗДЕРИ» Абдуррахман Хачкалы

Кыргыз элинин Ислам дини менен жашаганына миң жылдан ашуун убакыт өттү.  Акыркы жүз жыл аралыгы казак, өзбек элдери сыяктуу кыргыз эли үчүн да руханий дөөлөттөрүнөн ажыроо өңүтүнөн оор жылдар болду. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күнү кыргыз эли үчүн кайрадан Ислам дини менен жакындан таанышууга бир топ илгери мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бул абдан кубанаарлык көрүнүш. Себеби ыймандуулук, абийирдүүлүк, ынтымак-ырашкерлик, биримдик бар… Кененирээк »

«Мээрим Пайгамбарынан МЭЭРИМ ЖЕЛАРГЫСЫ» Осман Нури Топбаш

Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) ааламга үлгү-өрнөк болгон дөөлөттүү өмүрүн бул китепке сыйдырууга жасаган аракетибиздин негизги себеби – адамзат дүнүйө-мүлккө берилип, көпчүлүгү напсинин кулу болуп өмүр сүргөн азыркы заманда кысылган, чарчап-чаалыккан бейтап-бечара жан-дүйнөлөргө, өксүк өмүрлөргө анын руханий дүйнөсүнөн бир жарык нур сунуу. Мындан тышкары, дарак менен таш сыяктуу жансыз жаратылыш өзүнө салам берген жана ааламдын улуу жаратуучусунун сансыз… Кененирээк »

АБДУЛЛАХ БИН МАСУД (РА)

Толук аты Абу Абдуррахман Абдуллах бин Масуд бин Гафил бин Хабиб     ал-Хузали. Туулган жылы белгисиз. Абдуллах бин Масуд, алгачкы мусулмандардан болгон. Куфада тафсир жана фыкых мектептеринин куруучусу. Аз. Хадижа менен Аз. Алиден кийинки эле үчүнчү мусулман болгондугу  эл оозунда айтылып келген. Бирок ал өзү алтынчы мусулман болушунан сыймыктанаарын белгилеп кеткен. Атасы Масуд, энеси Умму Абд бинти… Кененирээк »

АБДУЛЛАХ БИН ЖУБАЙР (РА)

Авс уруусунан болуп, биринчи Акаба антташуусунан кийин Исламды кабыл алган. Мадиналык жетимиш киши менен биргеликте экинчи Акаба антташуусу  үчүн Меккеге келген. Антташуудан мурун Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен жолугууну каалап, бир канча жолдоштору менен абасы Аббастын үйүндө болгон  Пайгамбарыбызга келишти. Бирок Аббас Аз. Пайгамбарыбыздын Мадиналыктар менен болгон байланышын Курайш уруусунан жашыруу керектигин түшүнгөндүгү үчүн, аларга бир гана Акабада көрүшө… Кененирээк »