КАЖАРЫ (БУКАРЫ)
«Кажары согуп түр кылдың, Кармаган үйүң гүл кылдың» (Жеңижок). Бул — өрмөкчүлүктүн бир ыкмасы. Терменин түрү. Түштүк Кыргызстандын Жаңы-Жол, Ала-Бука, Чаткал, Ноокат, Алай-Куу тарапта кажары- букары терме таарлары арбын кармалат. Анын өңдөрү ачык, көчөттөрү төп, көркөмдүгү так келет. Мында жип түгөйсүз күзүктөлөт. Ал түгөйлөнбөгөн жалгыз жиптин бирөө кара, бирөө кызыл болсо буга ким кайсы «кештени» (көчөттү) кааласа, өзү… Кененирээк »