Tag Archives: казак

КЫРГЫЗ-КАЗАК АКЫНЫ ЖӨЖӨ    

Акын дегендин аты акын. Башка аты жок. Бирок, акындын да акыны болот. Алардын өзүнө жараша үлүшү, калтырган изи, өз орду бар. Ар бир өнөрлүү адамдын же акындын жаккан ырларын ооздон-оозго аңыз кылып айтуу — тээ атам замандан келаткан биздин элибиздин салты. Ошол уламадан уланып келе жаткан мыкты залкар акындарыбыздын бири  —  Жөжө. Ал акындын ырлары толук жазылып калынбаса да, кай бирлери ооздон-оозго айтылып келе жатат.

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧАБЫШТАРЫ (XVIII к. ортосу XIX кк. ортосуна чейин)

1760-ж. башында Орто жүз казактарынын султандары кыргыздарга жортуул уюштуруп, көп олжолуу болушкан. Буга жооп кылып 1764-ж. кыргыз феодалдары Улуу жана Кичи жүз казактарынын Иле өрөөнүндөгү урууларына үч жолу бүлгүн салган. Ошол эле жылы Орто жүздүк султандар Чүй этегиндеги жана Талас тараптагы кыргыздарга жортуул уюштурган. XVIII к. 70-жж. казак, кыргыз кагылыштары өтө күчөп кетет. Ошол кезде Аблай хан Орто… Кененирээк »