«КАЙРА КУРУУ» ЖЫЛДАРЫНДАГЫ ЭКОНОМИКА (1985—1990-жж.)
Өлкөнүн экономикасын кайра куруу башкаруунун экономикалык ыкмаларына өтүү менен башталган. Мунун натыйжасында ишканалардын, айыл чарба өндүрүшүнүн өз алдынчалыгы кеңейтилип, алар өзүн-өзү актоонун, башкаруунун, финансылоонун негизинде толук чарбалык эсепке өтө баштаган. 1986-ж. чарба жүргүзүүнүн бул ыкмасына республикада өнөр жайдын продукциясынын 70 пайызын өндүргөн 125 ишканасы жана бирикмелери өтүшкөн. Аларда Кыргызстандын өнөр жайында эмгектенген жумушчулардын теңинен көбү иштешкен. 1987-ж. баштап… Кененирээк »