АК КАЛПАК
АК КАЛПАК (калпак) — «Ак калпак кийип, ат минген, Кыргызымды сагындым, Ар дайым менден кат күткөн, Бир кызымды сагындым» (Мидин). Бул — Ала- Тообузга символдоштурган элдик баш кийим. Аны жасоодо, абал жүндү кылдап, саксагыраагын майдалап кыркып сабайт. Уютулган жүндү басып кургатып, кайра бышырган соң борду улам сээп, улам басып, кайра үбөлүктөп, кийизди катуу кылат. Башка чакталып, калпактын төрт… Кененирээк »