АЛООКЕ
АЛООКЕ — каарман, кытайдын башкы кандарынын бири, Коңурбайдын атасы А. эпостун «Манас» бөлүмүндө гана жолугат. Саякбай Каралаевдин вариантында А. менен Молтонун кыргыздарды чаап алуусун баяндаган окуяда А-нин баскынчылык ролу баса көрсөтүлгөн. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча бул окуя өзүнчө эпизод катары айтылбайт, бирок кыргыздардын чабылышы, А- нин кан болуп бийлик жүргүзүп турушу жөнүндө кабар берилет. А. бардык манасчыларда баскынчы… Кененирээк »