Tag Archives: Карачев

СЫДЫК КАРАЧЕВ

«Сыдык Карачев өзүнүн чыгармачылык ишин 1918жылы ыр жазуудан баштайт»,— деп кабарлаган бир макаласында 3. Ч. Мамытбеков. — Анын улуу Ленинге арналган ыры 1918-жылы «Шуро» («Совет) деген татар газетасында жарыяланат». Бир жагынан С. Карачевдин адабияттагы иш-аракети 1918-  жылдан, б. а. тигил жарыяланган ырынан башталат деген пикир да күнөм санатат. Анын ошол жылга чейин эле татарча (балким, кыргызча да) ыр жазып жүрүшү… Кененирээк »

«ТЕҢДИК ЖОЛУНДА» Сыдык Карачев

ТЕҢДИК ЖОЛУНДА (Эки көшөгөлүү комедия) Ойноочулар: 1.  Чодон — кызуу кандуу 50 жашта. 2.  Зулайка — токтоороок 45 жашта. 3.  Жанаркан — Чодондун кызы 16— 17 жаштарда 4.  Саткын — Чодондун баласы 24 жашта. 5.  Субан — Жанарканды сүйөт 25 жашта

«ЭРКСИЗ КҮНДӨРДӨ» Сыдык Карачев

Ачык аяз, күзгү түн… Учу-кыйыры билинбеген, жайылган жазык теңизинин кучагында жаркырап-жайнап ай мелтирейт. Табиятты күмүш нурга чомдуруп, акырын, салмак менен кулачын жайып, жалтырап кетип бара жатат. Ай нурунун жерге себилген жанга жагымдуу, көзгө көрүктүү сүттөй аппак шооласы менен жымжырттык ичине көмүлгөн жер жүзү жашырын, терең бир сыр ичинде термелип, көргөн бир жандын көңүлүн кытыгы-лап, боюн балжытып, черин таркатып,… Кененирээк »

«ЭРИК ТАҢЫНДА» Сыдык Карачев

Кыш бою иштеп чарчаган денесин эс алдырып, жаңы күч, жаңы кубат жыюу үчүн курортко жыйылган эл. Түрдүү республика, түрдүү улуттардан чогулган жумушчулар, кызматчылар. Эртеден кечке дейре көлдүн жээги кумурсканын уясындаи кайнайт. Баарысы жайкыкүндүн нурунан, таза абасынан толук пайдаланып, калууга ашыгышат. Жайкы алган күч-кубаттарын завод-фабриктерде, иш орундарында пайдаланып калууну ойлошот. Эркек, аял дебей көңүлдөрү көтөрүңкү, кабактары ачык, өңдөрү жагымдуу—жалындуу.

СЫДЫК КАРАЧЕВ

КАРАЧЕВ Сыдык (1999, Түп р-ну – 1937, Фрунзе) – кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, акын, прозачы жана  журналист. 1921–23-жылдарда Ташкент шаарында В. И. Ленин атн. аскер окуу жайында окуган. В. И. Ленинге арналган алгачкы ыры 1918-ж. Казан шаарында чыгуучу «Шуро” газетасында жарыяланган. Түркстан республикасында казак тилинде мезгилдүү  басма сөз чыккандан тартып, кыргыз тилинде жазууга  өткөн. Карачевдин азыркы кезде тексти табылган поэтикалык чыгармаларынын… Кененирээк »

СЫДЫК КАРАЧЕВ

Сыдык Карачев жыйырманчы жылдын башында эле кыргыз жазма адабиятына ат салыша чыккан жаш таланттуулардан болгон. Ал, жетим калып жаштайынан татар-кожоюндун эшигинде малай жүрөт. Эс тарткан чагында баштапкы татар мектебинен бир аз окуп кат тааныйт. Ошондон баштап жаш Сыдык көркөм адабият китептерин сүйүп калат. 1924-жылга дейре жаш акын татар тилинде жазган бирин-эки ырларын татар газетасында жарыялап келген. Сыдыктын замандаштары,… Кененирээк »