КЫРГЫЗДАР
КЫРГЫЗДАР – улут; Кыргыз Республикасынын негизги калкы. К. Орто Азия жана Борбордук Азияда байыртадан бери маалым түрк элдеринен болуп саналат. К. Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан ж. б. Борбордук Азия мамлекеттеринде, Кытай (Кызыл-Суу Кыргыз автономия областы), Афганстан, Пакистан, Түркия ж. б. өлкөлөрүндө да жашайт. Тили боюнча К. түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирет. Динге ишенүүчүлөрү мусулман динин (суннит) тутушат. Жергиликтүү К.… Кененирээк »