КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ
Касым Тыныстановдун өмүрү кыска болсо да, ал өрнөктүү болгондугун тарых күбөлөп отурат. Ал жаш кезинен кат таанып, мусулман, орус-тузем мектептеринен таалим алган. 1919-жылы Ташкенге барып, казак-кыргыз агартуу институтунда окуган. Дал ошол жылдары чыгармачылыкка шыктанып, колуна калем кармаган. Ал 1925— 26-жылдары Кыргыз автономиялуу областынын Академиялык борборунун төрагасы, «Эркин Тоо» газетасынын жооптуу редактору, 1927—30-жылдары Кыргыз АССР эл агартуу комиссары (министри)… Кененирээк »