Tag Archives: кат

МЫЙЗАМ

Мыйзам – бул бардыгы үчүн бирдей милдеттүү жүрүм-турумдардын эрежеси камтылган ченемдик-укуктук акт. Мыйзамдар адамдардын укуктарын жана милдеттерин өз ичине камтыйт жана көп ирет колдонууга багытталат. Президент, өкмөт, депутаттар жана 30 миң шайлоочу мыйзам долбоорун сунуштоо укугуна ээ. Бул үчүн ага 30 миң жарандын колун топтоо же өкмөт аркылуу киргизүү керек болот. Министрлик дагы өз алдынча мыйзам кабыл алуу демилгеси менен… Кененирээк »

УСТАВ

Устав – мекеме, уюм же ишкананын ишмердик багыттарын, укуктарын, милдеттерин жана ишинин уюшулушун жөнгө салуучу, белгилөөчү эрежелердин жыйындысы. Устав мекеменин жамааты тарабынан кабыл алынат. Тиешелүү юстиция органы текшергенден кийин мекеме жетекчиси бекитет. Ар бир мекеме, уюм, ишкана менчиктүүлүгүнүн түрүнө карабай, өз ишмердигин аныктоочу уставга ээ болот. Уставдын жалпы жоболору мамлекеттин аракеттеги нормативдик актыларына карама-каршы келбеш керек. Уставга өзгөртүүлөр киргизилсе, юстиция… Кененирээк »

НУСКАМА

Ар кандай ишти уюштуруу, баштоо, натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу боюнча көрсөтмө берүү, иш тартибин аныктоо максатында жазылган укуктук акт нускама болот. Нускамадагы эрежелердин туура аткарылышы иштин жүрүшүнө оң таасирин тийгизет. Ал бийлик органдары тарабынан даярдалып, мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин тиешелүү тармактарда, күндөлүк турмушта, иш жүзүндө колдонууга жана аткарууга алынат. Бул документте аткарууга тийиш болгон бардык маселелер камтылуусу тийиш. Нускама адистер тарабынан түзүлөт… Кененирээк »

ЖАРЛЫК

Жарлык мамлекет башчысы тарабынан чыгарылуучу ченемдик же индивидуалдык акт болуп саналат. Жарлык менен мамлекеттик орден, медалдар, ардак наамдар, дипломатиялык рангдар ыйгарылат, өлкөгө өзгөчө кырдаалдар киргизилет ж.б. Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Бул иш кагаздары ар түрдүү министрликтер, ведомстволор жана башка мекеме, уюмдар тарабынан жетекчиликке жана аткарууга алынат. Бул иш кагаздарында мамлекет менен өкмөттүн маанилүү маселелери, мисалы, жогорку кызматтагыларды кызматка дайындоо же кызматынан бошотуу чагылдырылат.… Кененирээк »

ТОКТОМ

Токтом мамлекеттик маанидеги буйрук, көрсөтмөнү аткаруу боюнча кабыл алынган нормативдик документ. Ал республиканын Өкмөтү, министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийликтери жана башка аткаруу түзүмдөрүнүн башкаруу органдары тарабынан пландык иш-чараларды, көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу үчүн чыгарылат. Токтом жазуу формасына, түзүмүнө жана аткаруу мөөнөтүнө карай 2 түргө бөлүнөт: 1. Кыска мөөнөттүү токтом (маданий иш-чара, белгилүү күнгө, кампанияларга арналган тапшырмаларды аткарууга багытталат); 2.… Кененирээк »

ЖОБО

Жобо – мекеме, уюм, ишканалардын жалпы ишмердигин нормага салган, алардын түзүмүн, функциясын, ички бөлүнүштөрүн, же кандайдыр бир кырдаалга байланыштуу (ЖАКтын акционерлеринин жалпы чогулушун чакыруу жана өткөрүү тартиби боюнча жобо, Келишимдерди түзүү жана аткаруу тартиби боюнча жобо ж.б.) иш-аракеттеринин тартибин аныктоочу, мамлекеттин аракеттеги мыйзамдары жана токтомдорунун негизинде түзүлгөн расмий иш кагазы. Ар бир мекеме же уюм өз ишмердигин кабыл алынган жобонун негизинде жүргүзөт.… Кененирээк »

КӨРСӨТМӨ

Көрсөтмө – маалымат-усулдук мүнөздөгү маселелер боюнча жогору турган уюмдун, мекеменин буйруктарын, нускамаларын жана башка ченемдик-укуктук актыларын аткарууну уюштурууга байланыштуу мамлекеттик башкаруу органы тарабынан жазылган укуктук акт. Мекеме, уюм, ишканалардын жетекчилери да оперативдүү жана административдик (кызматкерлерди иш сапарга жөнөтүү, чыгашаны төлөтүү ж.б.) маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү чыгаруу укугуна ээ. Көрсөтмө буйрук менен тескемеге окшош формада жазылат. Жогорку органдардын кайсы актысын… Кененирээк »

БИЛДИРМЕ

Милдеттендирилген ар кандай тапшырманын аткарылгандыгы, эмгек өргүү, чет өлкөгө жасалган иш сапарынын бүткөндүгү, иш-чаралардын жыйынтыкталганы ж.б. тууралуу жетекчиликке, уюм, мекемелерге жиберилген расмий иш кагазы билдирме болот. Кээ бир мекеме, уюмдарда билдирме кызматтык кат деген аталышта колдонулуп жүрѳт. Билдирме арналышы жана түзүлүшү боюнча баяндама катка окшош болот. Ал колдо же компьютерде эки нускада даярдалат. Бир нускасы тиешелүү уюмга   ҮЛГҮ:   Токмок шаарындагы… Кененирээк »

БАЯНДАМА КАТ

Баяндама кат – аткарылган иш, түзүлгөн кырдаал, орун алган көрүнүш жөнүндө маалымдоочу иштеген уюмду же жогорку мекеменин жетекчисине жазылган иш кагазы. Ал өз ичине түзүүчүнүн корутундуларын жана сунуштарын камтыйт. Баяндама кат кызматкердин өзүнүн демилгеси боюнча да, жетекчиликтин көрсөтмөсү боюнча да даярдалат. Мазмунуна жана максатына ылайык баяндама каттар маалыматтык жана отчёттук болуп экиге бөлүнөт.   ҮЛГҮ:   БАЯНДАМА КАТ 02.02. 2011-ж.… Кененирээк »

ПРОТОКОЛ

Протокол маанилүү жана көп киши катышкан жыйындын, чогулуштун, конференциянын же бир олуттуу маселе талкуулаган атайын отурумдун өткөрүлүшүн, андагы катышкан адамдардын сүйлөгөн сөзүн жана кабыл алынган чечимин же токтомун баяндаган документ болуп эсептелет. Протокол толук жана кыскартылган түрдө жазылышы мүмкүн. Кыскартылган түрүндө чогулуштагы талкуу бөлүгү алынып салынат да, ал маселе боюнча кабыл алынган чечим гана жазылат. Протокол төмөнкүдөй түзүмдөрдөн турат: 1. Киришүү… Кененирээк »