Tag Archives: кементай

КЕМЕНТАЙ

«Ак олпогун жамынса, Кийгенине жарашкан, Астындагы Аккула, Мингенине жарашкан» (Жеңижок). (Ак олпок — кементайдын бири. Жоокерчиликте кийилет.) Бул — элдик сырт кийим. Мунун жердиги кийиз болот. Ал орточо калыңдыкта бышырылат. Ар түстөгү кийиздерден чепкендей узун жасалган бул сырт кийим кементайдын учасы менен өңүрүнүн бириктирилген жерлери жана бардык тигиштеринин арасы тон жана ичиктей «милтеленет». Анын жээктери көбүнчө айланта өңдөш… Кененирээк »