КЕПТАКЫЯ
«Калем тарткан сыядай, Кашынды бирпас ырдайын, Кеп такыя жарашкан, Башыңды бирпас ырдайын» (Эл ыры). Бул — ургаачылардын баш кийими. Ал башка ылайыкталып, элечектин четинен этеги чыгып калбагыдай бийиктикте ак жердиктен шырылып жасалат. Аялдар мойну талыганда элечегин алып, жеңил-желпи кеп такыясы менен жүрө берет. Ал элечекти алууну жана кайра аны кийүүнү жеңилдетет. Элечекти терден сактап, шырылган ак болотнай чыккан… Кененирээк »